2024-03-12


Бөлүмүбүздүн студенттеринин коомдук-экологиялык жоопкерчилик акциясы өткөрүлдү. 6-март 2024-жыл


Үстүбүздөгү 2024-жылдын 6-март шаршемби күнү бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттеринин коомдук-экологиялык жоопкерчилик акциясы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында бөлүмүбүздүн 29 студенти жана университеттин кесиптик жогорку мектебинин “Туризм жана мейманканаларды иштетүү” программасы боюнча окуган 1-курстун 16 студенти менен биргеликте Бишкектен 30 км аралыкта орун алган Аламүдүн капчыгайында таштандылар чогултулду. Капчыгайды дагы да болсо кар басып жаткандыгына карабастан былтыркы туристтик сезондон калган таштандылар көзгө урунарлык болду. Мындай абал Аламүдүн капчыгайы Бишкекке жакын жайгашкан эң популярдуу туристтик объекттердин бири экендигинен болууда. Бул акциянын натыйжасында ага катышкан жаштарыбыздын экологиялык аң-сезими калыптанды жана албетте жаратылышыбызга аз да болсо экологиялык пайда келтирилди деп үмүттөнөбүз. Иш-чара "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы, экон.илим.канд., доцент Бакыт Турдумамбетов тарабынан уюштурулду.